Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

Евробиримдик өлкөлөрү чыгымдарын көзөмөлдөө боюнча келишим түзөт


Француз президенти Николя Саркози, немис канцлери Ангела Меркел, Италия премьер- министри Марио Монти саммит алдында.
Француз президенти Николя Саркози, немис канцлери Ангела Меркел, Италия премьер- министри Марио Монти саммит алдында.
Брюсселде 30-январдагы саммитте макулдашылган келишим Евробиримдик өлкөлөрүн улуттук бюджеттерин көзөмөлдө кармоого милдеттендирет. Келишим долбооруна ылайык, эрежени сактабаган өлкөлөр айыпка жыгылат.

Европа лидерлери жаңы келишим учурдагы карыз кризисине алып келген катачылыктар эми Биримдикте кайталанбай турганына инвесторлорду ишендирет деп үмүттөнүүдө.

Бирок уюмга мүчө жыйырма жети өлкөдөн Британия менен Чехия жаңы келишимге кошулбай турган болду. Документке март айында кол коюлары күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG