Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча жаңы резолюцияны талкуулай баштайт


Араб лигасынын Батыш жана араб өлкөлөрү колдогон планы Сирияда он айдан ашып калган кан төгүүнү токтотууну максат кылат.

Коопсуздук кеңешине Араб лигасынын Сирия комитетинин жетекчилери: лиганын баш катчысы Набил ал-Араби, Катардын премьер-министри Шейх Хамад бин Жассим ал-Тхани маалымат беришет.

Араб лигасынын планы Сирия президенти Башар Асад бийликти орун басарына өткөрүүсүн жана өлкөдө улуттук биримдик өкмөтү түзүлүүсүн карайт.

Коопсуздук кеңешинин чечимдерге вето салуу укугуна ээ беш мүчөсүнүн бири – Орусия долбоордун айрым бөлүктөрүнө каршы экендигин, бирок сүйлөшүүлөргө дилгирлигин билдирди.

Кытай менен Орусия Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча мурдагы резолюцияларына каршы чыккан.

АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райс Коопсуздук кеңешин Сириядагы кыянатчылыктарга "кайдыгер" болууну токтотууга чакырды жана жаңы резолюциянын долбоору боюнча мындай деди:

- Резолюцияда каралган нерселер абдан түз көрсөтүлгөн. Айрымдар ырастагандай, эч кандай санкция, күч колдонуу, күч колдонулары боюнча коркутуу жок. Бул биринчи кезекте болуп өткөн нерселерди жөнөкөй айыптоо, Сириянын өкмөтүн Араб лигасында алган милдеттемелерин аткарууга чакыруу жана Араб лигасынын планын жактыруу. Биз бул абдан маанилүү жана Коопсуздук кеңеши жасоосу керек болгон минимум деп эсептейбиз.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү отурумуна АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Европанын бир катар өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери катышкан жатат.

Сириянын оппозициядагы Улуттук кеңешинин башчысы Бурхан Гальюндун айтымында, Москваны резолюция долбоорун колдоого ынандыруу үчүн ал Нью-Йоркто орус расмий өкүлдөрү менен жолуккан.

БУУда резолюцияга добуш берүү 2-февралдан эрте болбойт. Бул аралыкта, активисттердин айтымында, кечээги кагылыштардан 29 киши, көбүнесе жөн-жай тургундар каза тапкан.

БУУнун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталгандан бери 5400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG