Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдиргенге караганда, “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков кечээ кылмышка шектүү деп, тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди комитет MegaCom ишканасында тинтүү жүргүзгөндөн кийин кабыл алган.
Коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы текшерүү маалында компаниянын кирешесин чыгарып кеткен, менчиктеп алган жана акча каражатын ысырап пайдаланган коррупциялык схеманы аныктагандыгын 30-январда кабарлаган.
Натыйжада мамлекетке 142 млн. 95 миң 170 сом зыян келтирилген. Бул фактынын негизинде Кылмыш Кодексинин төрт беренеси боюнча иш ачылган. Алар: 221 (коммерциялык уюмдардын кызматкеринин укуктарын ашыкча пайдалануу), 171 (ишенип берилген мүлктү кыянаттык менен пайдалануу), 350 (жасалма документ), 166 (көз боемочулук) беренелери. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Мыйзам боюнча убактылуу камакка алынгандардын айыптуу же айыпсыз экендигин 72 сааттын ичинде сот аныкташы керек.
Апрель ыңкылабынан кийин MegaCom компаниясынын 51% пайыз акциясы камакка алынып, ээси табылганга чейин деген негиз менен Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына сактоого берилген. Ишкананын 49% акциясы мамлекетке таандык. (BuS)