Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Абакта каза болгон Алымбаев боюнча кошумча экспертизага документтер жетишсиз болууда


Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, абакта каза болгон Нурбек Алымбаев боюнча кошумча, бейтарап соттук-медициналык экспертизаны баштоо үчүн тиешелүү документтер чогулбай жатат. Атайын прокуратуранын тергөөчүсү көз каранды эмес экспертиза жүргүзүүгө уруксат берген токтомун, Республикалык соттук-медицина экспертиза жасоочу мекеменин расмий корутундусун берүүдөн баш тартып жатканы айтылууда.

16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында тополоң чыгып, ичиндегилер сабалган. Анын эртеси камалгандардын бири Нурбек Алымбаев каза болгон. Жаза аткаруу кызматы ал апийимге ууланып өлгөнүн билдирген. Бирок акыйкатчы Турсунбек Акун ал киши түрмөчүлөрдүн ур-токмогунан каза болушу мүмкүн дегендиктен, ички органдарынын, канынын анализин дагы бир сыйра кошумча текшерүү чечими кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG