Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Сирия армиясы чабуулдарын күчөттү


Сириянын өкмөттүк армиясы жекшембиден бери Дамасктын жака белинде чабуулдарын күчөтүп, укук коргоочу активисттердин ырастоосунда, 180ден көп киши набыт кетти. Операция куралдуу күчтөрдөн дезертирлик кылган аскерлердин “Азат Сириянын армиясы” деген уюшмага каршы багытталган. Анын жүрүшүндө жүздөгөн киши камакка алынганы кабарланууда. Сирия режими чет өлкөлүк журналисттердин ишин катуу чектегендиктен, жергиликтүү укук коргоочу топтордун бул маалыматын көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо мүмкүн эмес. Сириядагы кан төгүү бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралмакчы. Жыйында президент Башар Асадды 15 күндүн ичинде бийликтен кетүүгө үндөгөн Араб Лигасынын кризистен чыгуу сунушу талкууланат. Бул долбоорго вето укугуна ээ Россия каршы болууда.

XS
SM
MD
LG