Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Жаңы-Өзөндө чукул кырдаал алынды


Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында бүгүн чукул кырдаал алынып салынды. Өзгөчө режим былтыр декабрдын орто ченинде иш таштаган мунайчылар менен тартип коргоочулардын кагылышуусунда 16 киши мерт кеткенден кийин киргизилген. Кабарларга караганда, шаардан кошумча аскерий бөлүктөр чыгарылганы менен көчөлөрдө полиция кызматкерлерин көп көрсө болот. Президент Нурсултан Назарбаев чукул кырдаалды 5-январга чейин киргизүүнү буйруган, бирок кийин ал 31-январга дейре узартылды. Өткөн аптада президент шаардагы абал жөнгө салынганын айткан. Казак бийлиги Жаңы-Өзөндөгү окуялар үчүн бейбаш жаштарды күнөөлөп, бирок кийин энергия тармагындагы бир нече жетекчилерди кызматтарынан алган.

XS
SM
MD
LG