Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Кыргыз өкмөтү уулуу көмүр боюнча кооптонууга негиз жоктугун билдирди


Өкмөттүн маалымат кызматы Казакстандын Кулан көмүр кенинен Бишкек жылуулук борборуна алынып келинген уулуу көмүр ордо калаа менен Чүй облусунун тургундарынын ден соолугуна коркунуч туудуруп жатканы тууралуу кооптонгон билдирүүлөрдү четке какты. Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Султан Каназаровдун бүгүн кечинде "Азаттыкка" билдиришинче, Кулан кенинен Бишкек жылуулук борборуна жалпысынан 8576 тонна көмүр ташылып келген. Уулуу экени белгилүү болгондон кийин бул көмүрдүн баары аталган борбордун атайын жайына сактоого коюлуп, аны кайтарууга эки жеке ишкана жалданган жана анын бир граммы да сыртка чыккан эмес. Айрым мектептерге жана социалдык мекемелерге ушул көмүрдүн четинен таратылган деген маалымат чындыкка коошпойт. Учурда "Кыргыз темир жолу" жана "Электр станциялары" ишканалары аркылуу уулуу көмүрдү келген жерине кайтаруу маселеси чечилүүдө.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн Казакстандан уулуу көмүрдүн ташылып келишине премьер-министр Өмүрбек Бабановду күнөөлөгөн билдирүү таратып, анын дале өлкөдөн чыгарылбай жатканына кооптонгон.

Ушул эле күнү "Таза табият" коомдук уюму да Чүй облусундагы айрым мектептерге жана башка социалдык жайларга Казакстандан келген уулуу көмүр таратылганын айтып чыккан.

Былтыр сентябрда Бишкек жылуулук борборуна Казакстандын Кулан көмүрүн сатылып келинген көмүрдүн радиациялык фону нормадан 8-10 эсе ашык экени аныкталган. (SM)

XS
SM
MD
LG