Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Франциянын Конституциялык кеңеши геноцид жобосун карайт


Францияда 140тан ашык депутат Конституциялык кеңешке кайрылып, геноцид жөнүндөгү жаңы жобонун мыйзамдуулугун аныктап берүүнү өтүндү. Парламенттин эки палатасы тең жактырган мыйзам долбооруна ылайык, Осмон Империясы учурунда армяндардын кырылышын геноцид деп таануудан баш тарткан адамдар сот жообуна тартылат. Бул кадам Франция менен Түркиянын дипломатиялык араздашуусуна алып келди. Расмий Анкара бир катар санкцияларды көрөөрүн да эскертти. Президент Николя Саркози мыйзамга февралдын башында кол коёрун билдирген. Түркия бийликтери француз депутаттарынын конституциялык кеңешке кайрылышын кубатташты.

Франция 1915-16-жылдары болгон окуяларды “геноцид” деп 2001-жылы тааныган. Бүгүнкү Түркиянын өкмөтү армяндарды тукум курут кылуу саясаты жүргүзүлбөгүн ырастап келатат.

XS
SM
MD
LG