Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:04

Евромейкиндикте жумушсуздук кескин өстү


Европа Биримдиги шардана кылган статисткага ылайык, биридиктүү валюта – евро жүгүртүлгөн мейкиндикте жумушсуздук былтыр 10,4 процентке жетти. “Евростаттын” кеңсесинен маалымашкандай, былтыр жыл этегинде 16 жарым миллион адам жумушсуз деп катталган. Биринчи орунда Испания, андан кийин Греция турат. Эң төмөн көрсөткүч Австрия жана Голландияда болуп чыкты.

Кечээ Евробиримдиктин лидерлери кезектеги саммитте карыз кризисинен чыгуу, экономиканы жандандыруу жана жумуш орундарын түзүү маселесин талкуулашты.

XS
SM
MD
LG