Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Диний касташуу боюнча соттук өкүм бүгүн чыгат


Бүгүн «Тай тебиш» улуттук спорт өнөрүнүн түптөчүүсү Кубанычбек Тезекбаевге козголгон кылмыш иши боюнча соттук өкүм чыгат. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өткөн кечээки териштирүүдө прокурор иш актуалдуулугун жоготкондуктан, мындан аркы териштирүүнүн кереги жок экенин айтып, сотко өтүнүч келтирген. Сот чечимин бүгүн чыгараарын билдирген. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Тезекбаевге диний касташууну күчөткөн деген айып таккан. Буга Турусбек Сагынбаев аттуу жарандын Тезекбаевдин айткандары мусулмандардын аброюна шек келтирип жатат деген арызы себеп болгон. Талдоочулар бул окуяны ислам динин тутунгандар менен улуттук салтты артык койгондордун тиреши катары сыпаттап жатышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG