Бирок үч күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча чыңалууну басаңдаткыдай бурулуш бардыгы байкалбады.
Ирандын маалымат каражаттары эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашканын кабарлап, бирок анын мөөнөтүн аташкан жок.
ФАРС жаңылыктар агенттиги сүйлөшүүлөрдү “конструктивдүү” деп мүнөздөсө, ИСНА агенттиги МАГАТЭнин тобу "өзөктүк жайлар менен борборлордун бирине" да барбаганын белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну туeралуу эки тарап тең эч нерсе айта элек. МАГАТЭнин делегациясы уюмдун Венадагы башкеңсесине бүгүн кайтып келет.
Азыркы визит МАГАТЭ ноябрдагы соңку баяндамасында Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү болушу мүмкүндүгүн айткандан кийин болду.
Иран программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келет.