Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Өз жанын кыйды делген курсанттын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтунун биринчи курсунун курсанты 18 жаштагы Таалай Болотбек уулунун өлүмү боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Коргоо министрлигинин Тарбия башкармалыгынын башчысы Эрнист Элемановдун “Азаттыкка” билдиришинче, окуяны иликтөө үчүн министрликте атайын комиссия түзүлдү. Маалыматка ылайык, окуу жайдын курсанттары кышкы каникулдан кийин 29-январда окуу жайга келиши керек болсо, Таалай Болотбек уулу белгиленген мөөнөттө окуу жайга келген эмес. Институт жетекчилиги анын туугандары менен байланышкандан кийин гана 30-январда атасы менен институтка келген. Ошол эле күнү түштөн кийин курсанттын асылган денеси окуу жайдын дааратканасынан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, өз жанын кыйды делген курсант Кочкор районунун тургуну. Министрлик курсант киши колдуу болду деген жоромолдорду четке кагууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG