Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Алайда акимдикке сунушталган талапкерлерге каршы акция өтүп жатат


Ушу тапта Алай райондук кеңешинин депутаттары райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, акимди шайлап жатышат. Үч талапкер сунушталган. Алардын арасында азыркы аким Айтпай Жээналиев да бар.

Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, акимчиликтин алдында элүүдөй киши нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар үч талапкер тең райондун акими болууга татыксыз экенин айтышууда. "Депутаттар акчага сатылбагыла!", "Талапкер Алмазбек Осмоновдун келиши - бакиевдик бийликтин тирилиши" деген жазууларды кармап турушат. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG