Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Кочкор-Атада жолбун иттер көбөйүп, эки күндө 20 ит атылды


Кочкор-Ата шаарынын мэри Кубаныч Эгембердиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, соңку күндөрү жолбун иттер үйүр-үйүр болуп, шаар тургундарынын коопсуздугуна коркунуч жарата башташкан. Буга байланыштуу шаардыктардан арыз, даттануулар келип түшкөн. Соңку эки күндө 20 ит атып жок кылынды. Бул иш бир жумага чейин уланат. Жолбун ит тиштеп, ооруканага кайрылгандар катталган эмес. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG