Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Оторбаев: Экономикалык кылмыш иликтөө укугу Каржы полициясында гана болот


Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 100 күндүк программасы боюнча коомдук талкууга катышып, мындан ары Кыргызстанда экономикалык кылмыштар менен Каржы полициясы гана алектене турганын билдирди. Анын айтымында, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана прокуратура органдары ишкерлерди текшерип, аларга тоскоолдук кыла албайт. Инспектор, текшерүүчүлөрдүн саны 1 300дөн 700 кишиге кыскараары да айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG