Мындай маалымат учурда Баткенде өтүп жаткан нааразылык акциясына көз салып тургандардан алынды. Баткендеги "Салам" радиосунун кабарчыларынын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ушу тапта акимчиликтин алдында 2 миңдей киши турат. Алар азыркы губернатор Арзыбек Буркановдун кызматта калышын талап кылышууда. Буркановдун дагы беш жүздөй тарапкери акимчиликтин ичине кирип барышкан. Алар жыйындар залында чогулуп турушат. Бул жерге өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков келип, жаңы губернаторду тааныштырмай болууда.
Бурканов жергиликтүү журналисттерге маек куруп, аны премьер-министр Өмүрбек Бабанов күчтөп кетирип жатканын, Андарак окуясы жөн гана шылтоо болгонун билдирди. Эгерде Андарак окуясы боюнча өкмөттүн чыгарган бүтүмү 10 күндүн ичинде кайрадан оңдолуп, калыс жазылбаса, "жаңы губернаторду кетириш 5 мүнөттүк иш" экенин, аны өзү баштаарын айтты.
Былтыр декабрда Баткен облусунун Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жашоочулардын арасында тополоң чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Шамил Атаханов "Бурканов жоопкерсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин аталган облус боюнча башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес" деп айткан. Бирок Арзыбек Бурканов өзүн күнөөлүү эместигин билдирип келет. Ал кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын, тиешелүү арызын өкмөт башчысына бергенин айтып, 20-январда эл менен коштошуп кеткен болчу.
Өкмөттүн маалымат кызматынан "Азаттыкка" азырынча Баткенге жаңы губернатор дайындалган-дайындалбаганы тууралуу буйруктан кабары жоктугун билдиришти. (RK)