Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Бишкектеги кароосуз калган балдар борборунун жетекчисин коргоо комитети түзүлөт


Бишкектеги Кароосуз калган балдарды реабилитация борборунун директору Алексей Петрушевскийдин укугун коргоо комитетин түзүп жатышканын "Азаттыкка" Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтымында, Петрушевский боюнча айтылып жаткан айыптар негизсиз. Терең изилдөө жүргүзүлүп, ар бир бала менен соттук психолог сүйлөшүп, кандайдыр бир мыйзам бузуулар болбогону аныкталган.

"Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борборунун" жетекчиси Игорь Трофимов бүгүн Петрушевскийди күнөөлөгөн билдирүү таратты. Ал жетектеген борбордо балдарга карата сексуалдык зомбулук жасалаарын, балдарды жана алардын ички органдарын сатаарын айтты. Бул боюнча Улуттук коопсуздук комитетине кайрылганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG