Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

MegaCom жетекчилигинин баш коргоо чарасы аныкталып, 2 айга камакка алынды


“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун (MegaCom уюлдук компаниясынын) айрым жетекчилери боюнча баш коргоо чарасы аныкталды. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аларды 2 айга камакка алуу чечими чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы MegaCom компаниясында текшерүү жүргүзүп, кирешесин чыгарып кеткен, менчиктеп алган жана акча каражатын ысырап пайдаланган учурлар аныкталганын, жалпы 142 млн. сомдон ашык зыян келтирилгенин кабарлаган. Бул факт боюнча кылмыш иш козголгон. Иликтөө жүрүп жатат.

Натыйжада “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абеков кылмышка шектүү деп, тергөө абагына камакка алынган.

Соттун бүгүнкү чечими боюнча, алар УКМКнын тергөө абагында 31-мартка чейин камакта болушат. (KKs)

XS
SM
MD
LG