Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:48

Караколдо борбордук базардын башкы планына нааразы соодагерлер митингге чыгышты


Бүгүн Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында митинг өттү. Ага шаардагы "Ак тилек" ири базарынын эки жүздөй сатуучусу катышты. “Ак тилектин” профсоюз уюмунун башчысы Атыркүл Сарыбаеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, базардын 2005-жылы иштелип чыккан башкы планы боюнча ортосунан жол ачылышы керек. Бул соода орундарынын кыскарышына алып келет. Мамлекеттик каттоо башкармалыгы мындай чара өрт коопсуздугун сактоо жана ар кандай кырсыктарды алдын алуу үчүн каралып жатканын билдирүүдө. Митингге чыккандар менен Каракол шаарынын мэри Калыгул Рыскулов жолугуп, башкы планды базарда иштеп жаткандардын кызыкчылыгын эске алуу менен бирге түзүү керектигин айтты. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG