Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Путин банкка банкрот болгон саякат фирмасын сактап калууну тапшырды


4-марттагы президенттик шайлоого даярданып жаткан Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин кечээ күнкү сөзүндө мындай деди:

Биз бул агенттикке чет элдик шериктерине карызын төлөп бергенге жардамдашышыбыз керек. Биздин жарандар дем алуусун бейкапар аяктап, саякат фирмасы менен түзгөн, акчасын төлөп койгон келишимде каралгандай таризде мекенине кайтып келиши зарыл.

Таиландда, Вьетнамда, Доминикан жумуриятында жана башка өлкөлөрдө туристтери кароосуз калган "Ланта Тур Вояж" компаниясына карыз берүүгө көрсөтмө алганын ВТБ банкы бышыктады.

Путин Орусиянын спорт жана туризм министри Виталий Муткого да туриттердин мекенине кайтып келишин кепилдөө үчүн бул ишке чукул кийлигишүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG