Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:28

Баткенге жаңы губернатор дайындалды, Буркановду колдогон митингчилер тарады


Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен бүгүн Баткен облусуна губернатордун милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Разаков дайындалды. Буга чейин ал облустук милицияны жетектеп келген. Мурдагы губернатор Арзыбек Бурканов берген арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Бүгүн Баткен облустук администрациясында Буркановдун тарапкерлери митинг уюштуруп, аны губернаторлук кызматта калтырууну талап кылышкан. Беш жүздөй киши акимчиликтин ичине кирип барганы маалымдалган.

Жаңы губернаторду Бишкектен барган өкмөттүн өкүлү облустук администрациянын өкүлдөрүнө тар чөйрөдө тааныштырды.

Бурканов жергиликтүү журналисттерге маек куруп, аны премьер-министр Өмүрбек Бабанов күчтөп кетирип жатканын, Андарак окуясы жөн гана шылтоо болгонун билдирди.

Былтыр декабрда Баткен облусунун Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жашоочулардын арасында тополоң чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Шамил Атаханов "Бурканов жоопкерсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин аталган облус боюнча башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес" деп айткан. Бирок Арзыбек Бурканов өзүн күнөөлүү эместигин билдирип келет. Ал кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын, тиешелүү арызын өкмөт башчысына бергенин айтып, 20-январда эл менен коштошуп кеткен болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG