Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Апрель-июнь окуялары кайра парламентте каралат


Бүгүн депутаттар апрель-июнь окуялары боюнча Жогорку Кеңеш токтомунун аткарылышын талкууга алышат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе боюнча өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, Башкы прокурор Аида Салянова маалымат берет. Мындан тышкары жыйынга президенттин аппарат жетекчиси, өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү, Ош, Жалал-Абад облустарынын жетекчиликтери менен аталган шаарларды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өкүлдөрү да чакырылды.

Жогорку Кеңеш былтыр июнь айында коогалаңды иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен атайын токтом кабыл алган. Токтомдо июнь коогалаңынын чыгышына "сепараттык маанайдагы Кадыржан Батыров, Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдурасулов, Жалалиддин Салахуддинов күнөөлүү" деп белгиленген. Мындан тышкары Башкы прокуратурага Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө этнос аралык жаңжалды алдын албай калгандыгы үчүн укуктук баа берүү милдети жүктөлгөн.

Ушул апта башында июнь коогасында жакындарын жоготкон адамдар тергөө, иликтөө иштеринин жүрүшүнө нааразылык билдиришкен. Бир катар депутаттар да Жогорку Кеңештин токтому аткарылбай жатканын айтып чыгышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG