Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Президент коопсуздукту бекемдөөгө чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстанда коомдук коопсуздукту бекемдөөнүн чукул чаралары” тууралуу жарлыкка кол койду. Мындай жарлыкка экстремисттик жана уюшма кылмыштуу топтордун аракетинин күч алышы себеп болгонун президенттин басма сөз кызматы билдирүүдө. Мамлекет башчы абалды туруксуздаштырууну каалаган топтордун аракетинен улам 2010-жылы кандуу окуялар катталганын белгилеп, мындай жагдайларды алдын алуу үчүн бир катар мамлекеттик органдарга тапшырма берди. Маселен, өкмөткө коомдук коопсуздук камсыздоону, кылмыштуулукту алдын алуучу мыйзам долбоорун даярдоону жана ок атуучу куралдардын колдонулушун көзөмөлдөөнү тапшырды.

Мындан тышкары Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 2010-жылкы кандуу окуялар боюнча кылмыш иштеринин бетин ачуу, банк уячаларынан алынган каражаттар боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү, улут аралык мамилени козутуучу жагдайларга тез чара көрүү милдети жүктөлдү. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев бир айдын ичинде бардык мамлекеттик мекемелердеги ок атуучу куралдардын ал-абалын тактооого чакырды. (KKs)

XS
SM
MD
LG