Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Facebook социалдык түйүнү биржага чыгууда


Бул социалдык түйүндүн негиздөөчүлөрү жана ээлери АКШнын Баалуу кагаздар боюнча комиссиясына 5 миллиард долларга акцияларын биржага чыгарууга арыз берди.

Аналитиктер Facebook технологиялык компаниялардан АКШнын тарыхында биржага адеп чыгууда эле эң көп каражат топтогон компания болорун жана Google компаниясын жеңил эле ашып өтөрүн болжошууда. Google биржага алгач чыккан 2004-жылы 1,9 миллиард доллар чогулткан.

Facebook бүткүл дүйнө боюнча адамдар ой-пикир алышуучу гана социалдык түйүн болбостон Жакынкы Чыгышта “араб жазы” атыккан окуялар учурунда маанилүү роль ойноду.

Адатта биржага чыгууга арыз берилгенден кийин компаниянын баалуу кагаздары менен соода 3-4 айдан кийин башталат. (UE)

XS
SM
MD
LG