Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 1-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Жалпы аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ооганстандагы абалды турукташтыруунун маанилүүлүгү айтылды. Президент элчи айымды элчиликтин жаңы имаратынын пайдубалы негизделе башташы менен куттуктады, "Манас" аба майданындагы америкалык Транзиттик жүк ташуулар борбору боюнча эки тараптуу келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктаарын эскертти. (RK)