Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

АКШ Өзбекстанга аскерий жардам көрсөтүүгө коюлган чектөөнү убактылуу жойду


АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Өзбекстанга былтыр октябрь айында келип кеткен.
АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Өзбекстанга былтыр октябрь айында келип кеткен.
Кошмо Штаттар мындай кадамга Өзбекстандын Ооганстанга жүк жеткирүүдөгү өтө маанилүү ролуна байланыштуу барууда. Ага аскерий жардам көрсөтүүгө Вашингтон 2003-жылы адам укуктарынын абалы боюнча тынчсыздануулардан улам тыюу салган.

Эми Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланддын айтымында, ал тыюу 18-январдан тарта расмий алынды.

Мамдепартамент өкүлү белгилегендей, Өзбекстанды адам өмүрүнө зыян келтирбей турган жабдуулар: түндө көрүүчү приборлор, GPS системалары менен жабдуу Ооганстанга карай жолдун коопсуздугун камсыздоого жардам берет.

“Катаал сүйлөшүүлөрдөн эч ким четтеп кеткен жок. Ага карабай бизде Өзбекстан менен мамилебизде коргой турган башка нерселер жана кызыкчылыктар бар”,-деди Виктория Нуланд.

Өзбекстанга аскерий жардам көрсөтүүгө салынган тыюу 2013-жылдын сентябрына чейин күчүн жоготот. АКШ аскерлеринин Ооганстандан кетүүсү 2014-жылга белгиленген. (UE)

XS
SM
MD
LG