Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Египетте футбол мелдешинен кийинки тополоңдо 74 киши набыт болду


Окуя 1-февралда кечинде Порт-Саид шаарында болду. Күйөрмандардын кагылуушуусу жергиликтүү “Ал-Масри” клубу Египеттин эң таанымал “Ал-Ахли” клубун 3-1 эсебинде жеңишинен кийин башталды.

Бул жеңиш күтүүсүз болгондуктан “Ал-Масри” клубунун стадионго чуркап чыккан күйөрмандары жеңилген команданын футболчуларына жана алардын жактоочуларына кол салышкан.

Кабарларга караганда, набыт болгондордун көпчүлүгү стадиондун сакчылары.

Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 74 киши каза тапкандан тышкары кагылыштан дагы миңдей адам жаракат алды.

Бул аралыкта борбор Каирде кыжырданган футбол күйөрмандары Порт-Саиддеги кагылышка байланыштуу мелдеш токтотулган стадиондун бир бөлүгүнө өрт коюп жиберишти.

Мамлекеттик сыналгынын кабарына караганда, Египеттин футбол федерациясы Премьер-лиганын мелдештерин белгисиз мөөнөткө токтоткон. (UE)

XS
SM
MD
LG