Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Кыргыз эл Баатыр, акын, жазуучулары кумарканалар боюнча өлкө жетекчилигине кайрылышты


Кыргызстанда кумарканаларды 1-январдан тарта жабуу тууралуу мыйзамга карабай бул жайлар дагы эле иштеп жатканына нааразы болгон кыргыздын аксакал акын, жазуучулары президентке, өкмөт жана парламент башчыларына кайрылуу жолдошту.

"Кыргызстандын ири шаарларынын көркөм салондорун, дүкөн, маданий жайларын сүрүп чыгып, көчө сайын жайнаган кумар жайлар адамдардын улам жаңы муунун өзүнө тартып, үй-бүлөлөрдүн ажырашына, адамдардын каражатсыз тентип калышына, нечендеген өмүрлөрдүн трагедиялуу аякташына себеп болду", - деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууга Кыргыз эл Баатыры, эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Кыргыз эл Баатыры, эл жазуучусу Бексултан Жакиев, Кыргыз эл акындары Майрамкан Абылкасымова, Шайлообек Дүйшеев жана Кыргыз эл жазуучулары Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов, Кадыркул Өмүркулов жана Көчкөн Сактанов кол коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG