Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

"Айкын багыт" фонду белгилүү мырзалардын ала качуу боюнча пикирин сураштырууда


"Айкын багыт" коомдук фондунун бул жолку сурамжылоосуна талдоочу, Эл аралык университеттин этнология институтунун директору Табылды Акеров катышты.

Ал ала качуунун тарыхы, укуктук жагы тууралуу айтып, проблеманы чечүүнүн жолдору боюнча оюн ортого салган.

Акеровдун пикиринде, ала качуунун токтошу үчүн мамлекеттин жардамы керек. Себеби мыйзамдар иштебегендиктен, ала качуунун курмандыгы болгон көптөгөн кыздар тартип коргоо органдарына кайрылышпайт. Жаштарды ачык, өз алдынча болууга, алдыга максат коюп, ошого жетүүгө үйрөтүш керек.

Ала качуунун курмандыгы болуп өз өмүрүн өзү кыйган, зомбулукка кабылган кыргызстандык кыз-келиндер боюнча маалымат чогулткан "Айкын багыт" фонду сурамжылоосун улантууда. Бул маалымат фонддун жетекчиси Мунара Бекназаровадан алынды.

Буга чейинки сурамжылоого катышкан белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген "ала качуу көйгөйүнүн негизги себеби жаштардын да, ата-энелердин да сабатсыздыгында" деген пикирин айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG