Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Көл жээгине имарат салууну токтотуу сунушталды


Ысык-Көлдүн жээгине жакын жерге башаламан курулуштар салынып, көлдү бойлой өскөн бадал, бак-дарактарды көзөмөлсүз кыюу күч алгандыгын белгилеген парламент депутаттары көл жээгине имарат курууга тыюу салууну сунуштоодо. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров "Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун” даярдоодо. 2004-жылы кабыл алынган бул мыйзамга ылайык, Ысык-Көлдөн 100 метрден кийин курулуш салууга уруксат берилген болсо, депутат бул аралыкты дагы узартуу зарылдыгын билдирүүдө. “Колдонуудагы мыйзамда жээкке жакын жерге курулуштарды салууга уруксат берилиши, турак жайлардын көл жээгине жакын жайгашуусуна, калдыктардын жер астындагы суу аркылуу көлгө түшүүсүнө жана суу бойлогон саз-бадал курчоолорунун көзөмөлсүз жок кыйылуусуна алып келип, айлана чөйрөнүн кескин түрдө бузулушуна себеп болууда”,-деп айтылат Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG