Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

“Бүтүн Кыргызстан” менен “Ата Журт” чогуу иштешет


Оппозициялык маанайдагы “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ата Журт” партиялары биргелешип иштөө чечимине келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган “Ата Журт” партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркуловдун айтымында, биригүү келишимине кечээ эки партиянын лидерлери кол коюшту. Мындай чечим азыркы бийликтин ишиндеги кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынды. Бул маалыматты “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын басма сөз кызматы да тастыктады. Былтыр күздөгү президенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров экинчи, “Ата Журт” лидери Камчыбек Ташиев үчүнчү болгон. Шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгынын добуш алган Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланган. Шайлоодон кийин “Ата Журт” лидери Камчыбек Ташиев күчтүү оппозициялык блок түзөрүн билдирип чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG