Сириянын аймактарында 30 жыл мурдагы кыргындын жылдыгын утурлай аскер күчтөрү жайгаштырылды. Бул тууралуу оппозиция активисттери билдирүүдө. Алардын айтымында, тынч эмес аймактарда аскер күчтөрү мындан отуз жыл илгери борбордук Хама провинциясында болгон кыргындын жылдыгын белгилөөчү нааразылык акцияларын алдын алуу үчүн жайгаштырылган.
Активисттер кошумчалагандай, Хама провинциясында коопсуздук күчтөрү бир катар камоолорду жүргүзүп, өз адамдарынын санын көбөйткөн.
Бул жерде 1982-жылы ал кездеги президент, азыркы президент Башар Асаддын атасы Хафиз Асаддын бийлигине чакырык таштаган исламчыл козголоңдун күч менен басылуусунан 10 миңден 40 миңге чейин кишинин өмүрү кыйылган деп эсептелинет.
Бул кандуу окуянын 30 жылдыгын эскерүү жана бийликтин азыркы толкундоону күч менен басып жатышына нааразылык билдирүү үчүн бүткүл Сирия боюнча демонстрацияларды өткөрүүгө чакырык ташталган. Азыркы толкундоонун күч менен басылып жатышынан алты миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды деп эсептелинүүдө.
Бул аралыкта БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кан төгүүнү токтотууну максат кылган резолюция долбоорун талкуулоодо. Орусия резолюцияда Сирия режими айыпталышына каршы чыгып жатат.
АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, ал резолюция долбоорун орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен ушул дем алыш күндөрү Мюнхенде, коопсуздук конференциясы учурунда талкуулайт. (UE)