Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Египет: Суецтеги кагылыштан эки демонстрант мерт болду


Каирдеги демонстрация. 2-февраль, 2012-жыл.
Каирдеги демонстрация. 2-февраль, 2012-жыл.
Бүгүн эртең менен демонстранттар менен полициянын кагылышуусу учурунда эки адамга ок тийди. Муну медицина тармагын тейлеген расмий өкүлдөр ырасташты.

Демонстранттар көчөгө шаршембиде Порт-Саид шаарындагы футболдук мелдештен кийин тополоңдо 74 адамдын өмүрү кыйылганына нааразылык билдирип чыгышкан. Үч миңдей адам шаардагы полиция кеңсесинин алдына алгач кечээ чогулушкан.

Борбор Каирде 2-февралда бийликтеги аскерий кеңешке каршы ураан-чакырыктар менен чыккан демонстранттар Ички иштер министрлигинин кеңсесин көздөй жүрүш жасашты.

Алардын жолун торогон полиция күчтөрү демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонсо, күбөлөрдүн айтымында, полицияны көздөй таш ыргытылган.

Мамлекеттик сыналгынын кабарына караганда, Каирдеги кагылыштан 682 адам жаракат алды. Алардын көпчүлүгү көздөн жаш агызуучу газдан жабыр тарткандар.

Демонстранттар коопсуздук күчтөрүн футбол мелдешинен кийин 74 адамдын өлүмүнө жана 1000 адамдын жаракат алышына алып барган кагылышты алдын алалбаганы үчүн айыптоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG