Ош шаардык кенешине шайлоого катышуу үчүн арыз берген партиялар бүгүнтөн тарта үгүт иштерин башташты. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык шайлоо комиссиясынан билдиришти. Жалпысынан депутат болом деп 696 талапкер ат салышууда. Алар КСДП, КУДП, «Замандаш», «Улуттар биримдиги», «Адилеттүү Кыргызстан», Кыргызстан коммунисттер партиясы, «Республика» жана «Ата Мекен» партияларынан катталышкан. Шайлоо 4-мартта болот. (SE/RK)