Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Садыркуловдун айдоочусунун жубайы көчөдө калды


2009-жылы белгисиз жагдайда мерт болгон президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов менен кошо каза тапкан айдоочусу Кубат Сулаймановдун жубайы Эльмира Жолдошбекова баласы менен көчөдө калды. Ал жардам сурап акыйкатчыга барганын Турсунбек Акун кабарлады. Үйү кайын эжесине жазылгандыктан, ал Жолдошбекованы киргизбей, кубалап чыкканы айтылууда. Жардам сурап президентке кайрылса Свердлов райондук акимиаты бир миң сом бөлүп берген.

Садыркулов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясын жетектеген. Кызматынан кеткенден кийин көп өтпөй анын жана дагы үч кишинин өрттөлгөн сөөгү Бишкектин четинен табылган. Алгач бул катардагы жол кырсыгы делсе, апрел ыңкылабынан кийин Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин жеке көрсөтмөсү боюнча жасалган өлтүрүү экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG