Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Ноокаттын судьясы пара үчүн камакка алынды


Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исманов кызмат абалынан ашкере пайдаланып, акыйкатсыз чечим чыгарган деген шек менен 2-февралда Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстандын Судьялар кеңеши аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун 30-январда берген. (RK)

 

XS
SM
MD
LG