Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

4-февралга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
3-6-февралда жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү болушу күтүлүүдө. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар түшөт, айрым жерлерде кар көп жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -8...-13,
Талас облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -8...-13,
Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10 градус, күндүз -1...-6,
Нарында түнкүсүн -16...-21, күндүз -9...-14,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21...-26, күндүз -16...-21,
Тоолордо түнкүсүн -19...-24, ал эми күндүз -13..-18 болот.

Бишкекте кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15 градус суук, күндүз 10...12 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG