"Азаттыктын" кабарчысы Төрөкул Дооров Transitions Online уюмунун сүрөт сынагынын жеңүүчүсү аталды. Ал "Өнөр жана маданият" категориясы боюнча биринчи орунду ээледи. Дооровдун Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы сүннөт тойдо ак батасын берип жаткан апаларды тарткан сүрөтү мыкты чыкканы айтылды. "Азаттыктын" жалпы жамааты сыйлык ээсин куттуктайт жана мындан ары да чыгармачыл ийгиликтердин болушун каалайт. (JKe/RK)