Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Баткен: Баш аламандык боюнча 3 кылмыш иши козголду


1-февралда Баткенде жаштар ортосунда жаңжал чыгып, мергенчи мылтыктан ок атылган. Октон бир киши жабыркап оорууканга түшкөн. Милициянын ыкчам тобу Базар-Башы айылына барып 10го жакын кишини кармаган. Алардын жакындары милицияны күнөөсүз жүргөндөрдү кармады, токмоктоду деп айыптап, облустук ички иштер башкармалыгынын имаратына дарбазасын сындырып киришкен.

Бүгүн ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов нараазы болгон тарап менен жолугуп, сүйлөштү. Эки тарап аймактагы туруктуулукту сактап, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышты. Жыйын соңунда Курсан Асанов ок атышууга байланыштуу милициянын ыкчам тобунун кызматкерлерине, ички иштер башкармалыгынын дарбазасын бузуп киргендерге, ок атышуу окуясы боюнча да 3 кылмыш иши козголгонун билдирди. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG