Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Чебаркул: Кырсыктаган кыргызстандыктар боюнча телефондор жарыяланды


Орусиянын Чебаркул шаарында 1-февралда автокырсыкка учураган кыргызстандык жарандардын абалын билүү үчүн кайрылууга телефон номурлары жарыяланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигиндеги 66-08-72 номуруна жана Екатеринбург шаарындагы кыргыз консулдугунун 007343 257-76-14, 007902 503-21-68, 007-963-053-32-12 номурларына чалса болот.

Москвадан Кыргызстанды көздөй келаткан кичи автобуста 14 киши болчу. Жолдон оор жүк ташуучу унаа менен коюшуп, өрт чыккан. Алардын экөө мерт кеткен. Алтоо Челябинск шаарынын ооруканасында дарыланууда, алардын экөөнүн абалы өтө оор.

Ооруканадагылардын аты жөнү такталды. Алар Байкирова Нельфа (1979 ж.), Сатвалдиев Артибек (1980 ж.), Кадыркулов Муриджан (1981 ж.) Абдугамаров Умиджан (1989 ж.), Мерзахандамов Едгурбек (1984 ж.) Алиджанов Тахирбек (1984 ж.).

(RK)

XS
SM
MD
LG