Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Ошто адвокат жардам сурап өлкө жетекчисине кайрылды


Оштук адвокат Татьяна Томина өзүнүн жана ал коргоп жаткан соттолуучулардын коопсуздугун камсыз кылууну өтүнүп өлкө жетекчилигине, прокурорлорго кайрылды.

Адвокат айымдын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 2-февралда июн окуясында адам өлтүрдү деп соттолуп жаткан Хасанбай Мирзакаримовду жабырланган тараптын өкүлдөрү сот залында прокурордун көзүнчө ур-токмокко алышты. Томинанын өзүнө да коркутуп-үркүтүү болду, колундагы кагаздарын жулуп алып, айрышты.

Томинанын айтымында, июн окуясы боюнча соттолуучулардын адвокаттарына карата мындай мамиле көп катталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG