Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Иран атомдук программасынан баш тартпайт


Ирандын жогорку руханий көсөмү аятолла Али Хаменеи Ислам жумурияты эл аралык кысымга моюн сунбайт жана атомдук программасынан баш тартпайт деп билдирди.

Жума күнкү телекайрылуусунда Хаменеи Иранга аскерий сокку урулса, же мунай тармагын бутага алган санкциялар күчөтүлсө, чечкиндүү жооп кайтарыларын эскертти. "Иранга сес көрсөтүү, же чабуул коюу Американын өзүнө гана зыян алып келет", - деди аятолла. Израил жөнүндө сөз кылып, Хаменеи жөөттөрдүн чакан мамлекетине туруштук берген өлкөлөргө көмөктөшөөрүн айтты.

Ал 1-февралда белгиленген Ислам революциясынын 33 жылдыгына байланышкан иш-чаралар алкагында сөз сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG