Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

HRW: Ливиянын Париждеги элчиси кыйноодон өлгөн


Human Rights Watch укук коргоо уюму тараткан маалыматка ылайык, Муаммар Каддафинин тушунда Ливиянын Париждеги элчиси болуп иштеген Омар Бребеш кыйноодон өлгөн. Мындай алдын ала бүтүм медициналык экспертизадан кийин жасалган.

62 жаштагы Бребеш Триполиде камакка алынып, 24 саттан кийин 19-январда каза болгон. Анын денесинде жаракаттар табылганы, бир нече кабыргасы сынганы маалымдалды. Маркумду Зинтана шаарындагы эрегишчилер кармап кетишкен. Дал ошол шаарда Каддафинин уулу Сейф ал-Ислам колго түшүрүлгөн.

Хьюман Райтс Уотчтун ырастоосунда, алар Триполи полициясынын протоколун окушкан. Анда Бребештин кыйноодон өлгөнү жана аты аталбаган бир адамдын аны өлтүргөнүн моюнга алганы жазылган.

XS
SM
MD
LG