Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

"Панасоник" рекорддук жоготууга туш болот деп күтүлүүдө


Электроника дүйнөсүндөгү дөө шаалардын бири - жапониялык "Панасоник" компаниясы мартта аяктай турган финансы жылында рекорддук жоготууга туш болот деп күтүлүүдө. Анын чыгымы болжол менен 10,2 миллиард долларды түзмөкчү. Бир нече ай мурун эле жоготуу мындан эки эсе аз болоору айтылган.

Бир четинен "Панасоник" чыгарган продукция көп сатылбай, экинчи жагынан глобалдуу экономиканын жай өсүшү бир топ чыгашаларга алып келди. Анын үстүнө "Саньо" деген атаандаш компанияны сатып алууга көп каражат жумшалган. Буга катар жакында Таиландда болгон суу ташкыны залакасын тийгизди.

XS
SM
MD
LG