Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Шварцнеггердин Таж Махалды көрүү кыялы орундалбай калды


АКШнын Калифорния штатынын мурдагы гу,ернатору, белгилүү актер Арнолд Шварцнеггердин Таж Махалды көрүү кыялы орундалбай калды. Кечээ Индиянын Агра шаарына атайын барган "Терминатор" комплекске кире албай калды. Жума күндөрү анын жанындагы мечитте намаз окулгандыктан, Таж Махал туристтер үчүн жабык болот экен.

Шварцнеггер чөнтөк телефону менен сүрөт тартып эле артка кайтты. Ал Индияга эл аралык экологиялык конференцияга катышуу үчүн барган. Актер ага Болливуд кызыктуу роль берсе, караштырып көрөөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG