Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Расмуссен ооган армиясына жардам көрсөтүүгө үндөдү


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бейпилдик күчтөрү Ооганстандан чыгарылгандан кийин жергиликтүү армияга финансылык жардам көрсөтүүгө үндөдү. Кечээ Түндүк альянстын 28 мүчөсү жана эл аралык контингенттин алкагында Ооганстандагы операцияга катышып жаткан 22 өлкөнүн коргоо министрлери Брюсселде чогулушкан. Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө жылына 6 миллиард доллар керек болот деп болжолдонууда. Расмуссендин айтымында, министрлер ооган армиясынын жана полиция күчтөрүнүн болочок санын талкуулашты. Бирок соңку чечим май айында НАТОнун кезектеги саммитинде кабыл алынмакчы. Бейпилдик күчтөрүнүн согуштук бөлүктөрү чыгарылгандан кийин Ооганстанда канча чет өлкөлүк аскер калаары жана алардын миссиясы да тактала элек.

XS
SM
MD
LG