Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Чүйдүн мектептериндеги уулуу көмүр чыгарыла баштады


Казакстандын Кулан кенинен Чүйдөгү социалдык мекемелерге ташылып келген радиоактивдүү көмүр чыгарыла баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, бүгүн Чүй районуна караштуу Он бир жылга айылындагы көмүрдү Бишкек жылуулук борборуна ташуу иши жүрүүдө. Бул ишке радиоактивдүү заттар менен иштөөгө ылайыкташкан “Лои” ишканасы тартылган. Атайын түзүлгөн схеманын негизинде облустагы уулуу көмүрдү бир аптанын ичинде чыгарылып бүтөт. Көмүр Казакстанга жеткирилгенге чейин Бишкек жылуулук борборунда сакталып турат.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңеши аркылуу радиациялуу көмүрдү мектептердин аймагынан ташып кетүү боюнча катуу тапшырма берген. Уулуу көмүр жалпысынан Чүй облусундагы 14 мектеп, бир бала бакчага таратылган болчу. Алардын ичинде уулуу көмүрдү жаккандары да болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG