Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Орусияда “Адилет шайлоо үчүн” акциясы өтүүдө

Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарынан тартып, Батыштагы Калининград облусуна чейин камтыган анти-кремлдик демонстрациялар жүрүүдө. Нааразычылык акциялары келерки айда болчу президенттик шайлоону утурлай уюштурулууда.

4-мартта өтчү шайлоодо Путин үчүнчү мөөнөткө президент шайланмакчы. “Адилет шайлоо үчүн” акциясынын лидерлери катуу аяз элдин демонстрацияга кошулуусуна көп жолтоо болбойт деген үмүттө.

Анти-кремлдик маанайдын өсүшүнө 4-декабрдагы парламенттик шайлоодо башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясына добуштардын кошуп саналганы түрткү берген. Андан улам 10-декабрда жана 24-декабрда миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар болгон.
​
XS
SM
MD
LG