Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:10

Укук коргоочулар Айдаркенде төрт тажик үй-бүлөсүн көчүрүүгө каршы


Кыргызстандагы Укук коргоочулар кеңеши Айдаркенде кыргыз тектүү кассир аялды өлтүрдү деп шектелген тажик жарандын жакындарынын шаарчадан чыгарылышын айыптоодо. Кеңештин мүчөсү “Ачык позиция” фондунун жетекчиси Дмитрий Кабактын “Азаттыкка” билдиришинче, укук коргоочулар кылмыш үчүн аны жасаган адам гана жоопко тартылышы керектигин, төрт үй-бүлөнү башка жерге көчүрүлүшү мыйзамсыз болгонун билдиришүүдө.

Ал эми Баткендеги тажик диаспорасынын өкүлдөрү мындай чечим үй-бүлөнүн өзүнүн эле коопсуздугу үчүн гана кабыл алынганын айтышууда. Баткен облусунун губернатор орун басары Саитжан Эратов азыр Айдаркенде кырдаал туруктуу экенин “Азаттыкка” кабарлады.

26-январда РСК банктын Айдаркендеги бөлүмүнө кол салынып, анда кассир болуп иштеген Камила Абдыкаарова аттуу келин банкты тоногону кирген адамдын колунан мерт болгон. Эртеси күнү эле бул кылмышка шектүү деп жергиликтүү тажик тектүү жаран – Жонибек Махмадов табылган. Маркум Камиланын тажиясы бүткөн соң анын жакындарынан турган 200 чакты адам тажик тектүү жарандар жашаган конушка келип, шектүү адамдын туугандарынын шаарчадан чыгып кетишин талап кылган. Натыйжада төрт үй-бүлө Айдаркенден чыгып кеткен. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG