Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

11 жашар кыздын өлүмүнө күнөөлүү дарыгерлер иштен алынды


Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, өткөн айда каза болгон 11 жаштагы Сания Шмидттин өлүмү боюнча атайын кызматтык иликтөө жүрүп, ага дарыгерлер айыптуу экени аныкталды. Иликтөөдө Чүй облусунун Аламүдүн райондук ооруканасында болгону бир гана тез жардам унаасы болгону, өспүрүм кыздын жакындары чакыртканына карабай ал тез жардам унаасы да баралбаганы анык болду. Ооруканага кызды алып келишкенден кийин да оор абалдагы тестиер кызга убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Мындай шалаакы мамилеси үчүн төрт дарыгер кызматтан алынып, 13 дарыгерге сөгүш жарыяланды. (JAk)

XS
SM
MD
LG